Римде иттер үчүн пляж ачылды

Римде иттер үчүн пляж ачылды.

Анда үй жаныбарлары ойноп, жаңы досторду таба алышат.

Ал жакта жаныбарлар менен деңизде сүзүүнү жактырбаган нааразы эс алуучулар жок.

Иттер жуунуудан тышкары йога жана медитация менен алектенишет.

Ал эми алардын ээлери үчүн ар кандай мастер-класстар уюштурулуп, анын ичинде үй жаныбарларына биринчи жардам көрсөтүүнү үйрөтүшөт.