Ошто милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө

Ошто милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөдө. Бул тууралуу “Азаттыкка” шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык,  Жаңы жыл майрамында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы, ИИМдин “Шумкар” атайын отрядынын, ички коопсуздук аскер кызматынын аскерлери коомдук коопсуздукту сактоо үчүн кызматка тартылат.

 

Шаар бир нече аймактарга бөлүнүп, жооптуу кызматкерлер дайындалып, милицияга элдик кошуундар жардам беришет. Күчөтүлгөн тартип  2-январга чейин уланат.