Ошто Орозо айт күнү конок чакырууга жана айттоого тыюу салынды

Ошто Орозо айт күнү конок чакырууга жана айттоого тыюу салынды.

Бул тууралуу өкмөттүн  облустагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

Анын айтымында, эрежеге баш ийбегендерге айып каралган. Учурда суммасы такталууда.

Облус тургундарына сооп алуу ниети болсо, элди үйүнө чакыруунун ордуна,

мал этин таратып берүү сунушталат. Белгилеп кетсек,

Кыргызстанда быйыл Орозо айт 24-майга белгиленди.