Ошто карантин эрежелеринин сакталышына көзөмөл күчөтүлүүдө

Ошто карантин эрежелеринин сакталышына көзөмөл күчөтүлүүдө.

 

Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, атайын түзүлгөн мобилдик бригадалар коомдук транспортто жана тамактануу жайларда санитардык рейд жүргүзөт.

 

Анын алкагында, жергиликтүү тургундарга беткап тагынуу, антисептиктерди колдонуу боюнча түшүндүрүү иштери дагы жүргүзүлөт. Шаардын бардык базарлары дүйшөмбү күндөрү дезинфекциялоо иштерине жабылат. Талаптарды аткарбагандарга карата катуу чара көрүлөт, — дешти муниципалитеттен.