Өлкөдөгү обсервациялар милициянын кайтаруусунда. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, обсервация борборлорунда кызмат өтөгөн милиция кызматкерлери толугу менен санитардык-карантиндик жана эпидемиологиялык эрежелерди сактап, коргонуучу атайын кийимдер, санитардык каражаттар менен камсыздалган.
Күзөттөгү кызматкерлер обсервацияда жаткандар менен эч кандай байланышпайт.
Белгилеп кетсек, өлкөдө обсервацияда 1 миң 554 киши жатат.