Европа биримдиги Баткен облусуна жардам көрсөтөт.
Биримдиктин басма сөз кызматынан билдиришкендей,
17,5 миллион сом гуманитардык жардам катары берилет.
Бөлүнгөн каражат курулдуу жаңжалда жабыркаган аймактагы
6 миң адамга материалдык жардам түрүндө бөлүштүрүлөт.
Ошондой эле, психологиялык колдоо көрсөтүлүп, биринчи
жардам топтому, гигиена каражаттары жана үй буюмдары берилет.