Жогорку Кеңеш кореялык кызматташтык агенттигинен 8 миллион доллар алат

Жогорку Кеңеш кореялык кызматташтык агенттигинен 8 миллион доллар алат. Каражат IT-инфраструктураны модернизациялоого жана парламентти санариптештирүүгө багытталат.

 

Жогорку Кеңештин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, долбоор 2022-26-жылдары ишке ашырылат. Эске салсак, ушул жумада парламенттин 7-чакырылышына келген депутаттар ант берип, 6-чакырылыш расмий түрдө ишин токтотот.