Кыргызстан азык-түлүктүн кымбатташы боюнча ЕАЭБ алкагында алдыга чыкты

Өткөн жылы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында азык-түлүккө болгон баанын эң жогорку көрсөткүчү Кыргызстанда катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
2021-жылдын декабрь айында Евразия экономикалык биримдигинин бардык мамлекеттеринде керектөө баалары жана тарифтер жогорулаган.
Бир жылда керектөө секторунда инфляциянын эң жогорку деңгээли (11,2 пайыз) Кыргызстанда байкалган. Өлкөдө тарифтер жана азык-түлүк баасы (алкоголдук ичимдик жана тамекилерди эске алуу менен) 13,3 пайызга өскөн.
Ал эми азык-түлүк эмес товарлардын (9,9 пайыз) жана кызматтардын (7,6 пайыз) кымбатташы боюнча Беларусь алдыга чыккан.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө 2021-жылдагы инфляциянын деңгээли:

Армения — 7,7 пайыз;

Беларусь — 10;

Казакстан — 8,4;

Кыргызстан — 11,2;

Россия — 8,4.