Пандемиядан улам өткөн жылы ажылыкка бара албай калгандарга акчалары кайтарылууда

Пандемиядан улам өткөн жылы ажылыкка бара албай калгандарга акчалары кайтарылууда. Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришкендей,  2020-жылы ажылык сапарга баруу үчүн 9 миң 586 адам катталган.

 

Акчасын кайтаруу үчүн уюштуруу штабына арыз жазуу керек. Андан кийин каражат эсепке автоматтык түрдө которулуп, жаран электрондук тизмеден чыгарылат.

 

Ал эми уруксат берилгенден кийин ажылыкка барам дегендер тизмеде кала берет, акчасы кайтарылбайт. Эске салсак, пандемияга байланыштуу өткөн жылы Сауд Арабиясы чет өлкөлүк зыяратчыларды кабыл алуусун токтоткон.