Мэрия Бишкектеги бир катар кафе-ресторандарды жапты

Борбор калаада санитардык талаптарды бузган бир катар жайлар жабылды. Алар эпидемиологиялык абал турукташканча ачылбайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

 

«Санитардык талаптарды көп учурда коомдук тамактануучу жайлар, кафе жана ресторандар бузууда. Ошондой эле алардын катарында компьютер залдары, түнкү клубдар дагы бар. Булардын ишмердүүлүгүнө уруксат берилген эмес», — деп айтылат маалыматта.

 

Маалым болгондой, акыркы аптада мэриянын Санитардык-эпидемиологиялык инспекциясы 189 субъектини текшерип, 28 мыйзам бузган учурду аныктаган. Андан түшкөн айып пулдун жалпы суммасы 124 миң сомду түзгөн. 4-сентябрга карата инспекция 397 протокол түзүп, айып пулдун наркы 1 миллион 711 миңге жеткен. Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан 1 520 протокол түзүлүп, 2 миллион 707 500 сом айып пул түшкөнү кабарланды.