Бишкекте мөөнөтү өтүп кеткен таттууларды саткан кампа аныкталды

Бишкекте мөөнөтү өтүп кеткен таттууларды саткан кампа аныкталды.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан билдиришкендей,

аталган факты Садыгалиев көчөсүндөгү объектилердин биринде аныкталды. Анда конфеттер,

печенье жана башка кондитер азыктары ири өлчөмдө болуп, калкка сатылып жаткан.

Компаниянын кызматкерлери таттуулардын жарактуу мөөнөтүн жана чыгарылган күнүн өзгөртүшкөн.

Кампага мөөр басылып, катталган факты боюнча тергөө иштери уланууда