WhatsApp мессенджери колдонуучуларга бир эле убакытта бир нече аккаунт
менен төрт түзүлүштөн (телефон, компьютер) кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Бул тууралуу РИА Новости WABetaInfo басылмасына таянуу менен жазды.
Порталдын билдиргенине караганда, учурда бул функцияны адистер иштеп чыгууда.
Ал даяр болгондо колдонуучулардын аппаратында Linked Devices аталышындагы
атайын бөлүм иштеп баштайт. Ага улам жаңы гаджетти кошуп алууга мүмкүн болот.
Функция качан иштей баштай турганы азырынча белгисиз.
Буга чейин WhatsApp мессенджеринин адистери дата аркылуу чаттагы жазышууларды
таба алган кызматын киргизип жатканын айткан, учурда ал сыноодон өтүп жатат.