Pfizer вакцинасынын Кыргызстанга жеткирилиши июлдун орто ченинде күтүлүүдө.
Бул тууралуу 24 агенттигине Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.
Учурда кыргызстандыктар коронавируска каршы Sinopharm вакцинасы менен эмделсе болот.
Жалпысынан 8-июлга карата 1 миллион 600 миңге жакын адам ковид вакцинасынын биринчи дозасын алса, 1 миллион 400 миңге жакын жаран экинчи дозасы менен эмделди.
Эске салсак, буга чейин Pfizer вакцинасы түгөнгөнү кабарланган.