Кыргызстанда дагы 282 адам коронавирустан айыкты

Кыргызстанда дагы 282 адам коронавирустан айыкты. Республикалык штабдын маалыматына ылайык, Бишкекте 41, Ошто 101, Таласта 13, Чүйдө 26, Ысык-Көлдө 18, Жалал-Абадда 58, Баткенде 23, Нарында 2 бейтап ооруканадан чыгарылды.

 

Ушуну менен өлкөдө  жалпысынан 46 миң 726 адам коронавирустан айыкты.