Ысык-Көл облусунун бийлиги эс алуучулардын коопсуздугун толук кандуу камсыздоодо

Ысык-Көл облусунун бийлиги эс алуучулардын коопсуздугун толук кандуу камсыздоодо: көл жээгинде кайгуул топторунун саны көбөйтүлдү, нөөмөт бөлүмдөрүнүн иши күчөтүлдү, ар бир пансионатта ички коопсуздук кызматынан тышкары, милиция кызматкерлеринин нөөмөтү уюштурулду.

 

Бишкек – Ысык-Көл трассасында күнү-түнү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын 10 экипажы нөөмөт жүргүзөт. Өзгөчө көңүл айдоочулардын ылдамдык режимин сактоосуна бөлүнүүдө.