Кыргызстанда электр самокаттарын ижарага берүүчү жайлар пайда болду

Кыргызстанда биринчи жолу электр самокаттарын ижарага берүүчү жайлар пайда болду.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Электр самокаттары шаардын ар кайсы жеринде коюлган жана алар акылдуу кулпу менен атайын токтотуучу жайларга бекитилген.

Ар бир адам атайын тиркеме аркылуу кулпусун ачып, аны менен өзүнө керектүү жерге жете алат.

Электр самокаттарын шаар тургундары жана дүйнөнүн булуң-бурчунан келген туристтер гана эмес, тамак-аш жана товарларды жеткирүү үчүн түрдүү кызматтардын жана уюмдардын курьерлери да колдоно алышат.