Пневмонияга чалдыккандар үчүн кошумча сегиз жүздөй орун даярдалды

Бишкекте өпкөсүнөн кагынган (пневмония) бейтаптарды дарылоо үчүн кошумча жети жай даярдалды. Бул тууралуу 29-июнда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады.

 

Жети жайда жалпысынан 761 орун бар. Алардын 270и Улуттук госпиталда, «Манас» аэропортунун жанындагы мурда «Ганси» базасы жайгашкан жерде 200, Воронцовка айылындагы Курортология институтунда 120, №1 ооруканада 80, «Темир жолу» ишканасынын ооруканасында 40, Улуттук фтизиатрия борборунда 38 жана Улуттук хирургия борборунда 13 орун.

 

Анализ ыкмалары так болбой жаткандыктан Кыргызстанда пневмония илдетин жуктурду деген бейтаптардын баарында азыр коронавирус экенин көз каранды эмес адистер айтып жатышат.

 

Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов 29-июнда онлайн брифингде билдиргендей, өлкөдө быйыл март айынан бери өпкөнүн кагынуусунан 54 адам кайтыш болду.

 

Ал эми коронавирус деген диагноз расмий түрдө 18-марттан 29-июнга чейин 5017 адамга коюлду, алардын ичинен 50 бейтап кайтыш болду, 2294ү айыгып кетти.