Кыргызстанга Россия кызамыкка каршы 100 миң доза вакцина тапшырат

Кыргызстанга Россия кызамыкка каршы 100 миң доза вакцина тапшырат. Бул тууралуу Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо федералдык кызматынын жетекчиси Анна Попова РИА Новостиге билдирди.

 

Анын айтымында, препарат жакынкы арада жиберилет. Медициналык колдоо Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртууга багытталат. Эске салсак, Кыргызстанда кызамык массалык түрдө жылдын башында катталган. Анда 1 миңден ашык адам бул жугуштуу ооруга кабылган болчу.