Кыргызстанда эмдөөдөн баш тарткандардын саны көбөйүүдө

Кыргызстанда эмдөөдөн баш тарткандардын саны көбөйүүдө. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Төрөт үйлөрүнөн баштап эле эмдөөдөн баш тарткандар катталууда. Жылына 6 миңдей  адам эмдөөдөн баш тартса, алардын ичинен 3-4 миңге жакыны 1 жашка чейинки балдар.

 

Ата-энелер балдарынын ден-соолугун тобокелге салып, аларга ийне сайдырбай келишет. Алардын көбү диний көз караштагы жарандар, — дешти ведомстводон.