Польшанын футбол боюнча курама командасынын жаңы башкы машыктыруучусу белгилүү болду.
Португалиянын мурдагы тренери Фернанду Сантуш эми Польшанын курама командасын жетектейт.
Белгиленгендей, Сантуштун презентациясы бүгүн болот.
Анын алдында польшалык футболчуларды 2024-жылкы Европа чемпионатына алып чыгуу милдети турат.
Эске салсак, Фернанду Сантуш Португалия курама командасы 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунан четтетилгенден кийин, машыктыруучулуктан кеткен.