Ишке кирген ишканалардын кызматкерлерине бүгүнтөн тарта жаңы эрежелер киргизилди

Ишке кирген ишканалардын кызматкерлерине бүгүнтөн тарта жаңы эрежелер киргизилди. Бишкек мэри Азиз Суракматов билдиргендей, жарандар жумушуна тоскоолдуксуз баруу үчүн жашаган жеринен жана иштеген жеринен маалым кат алышы керек.

 

Белгилеп кетсек, бүгүн 11-майдан тарта каржы уюмдары, камсыздандыруу компаниялары, ломбарддар, акча алмаштыруу жайлары, туристтик, адвокаттык кызматтар, курулуш, унаа тетиктери жана тигүү тармактарындагы дүкөн-базарлар иштеп баштайт.