Кыргызстанда район акимдеринин ротациясы башталат

Кыргызстанда район акимдеринин ротациясы башталат.

Район башчыларынын аттестациясы аяктады. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.

Анын айтымында, түндүк облустарындагы акимдер түштүккө, түштүктөгү акимдер түндүккө которулат.

Учурда акимдер боюнча кадрдык резервде дээрлик 400 адам бар, бош орундарга резервдегилер коюлат.

Эске салсак, буга чейин аттестациядан 25-30 пайыз жетекчилер өтпөй калган.

Ал эми республикада 40 район бар. Район башчыларын премьер-министр дайындайт.