Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус эпидемиясында элге жардам берип жаткан ыктыярчылар менен жолугат

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус эпидемиясында элге жардам берип жаткан ыктыярчылар менен жолугат. Бул тууралуу анын басма-сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди. Жолугушуу эртең, 21-июлга белгиленди.

 

Учурда 15 адамдан турган тизме түзүлдү. ​Өлкөдө бир нече ыктыярдуу топ COVID-19 менен күрөшүүдө ар кандай жардамын берип келет. Анын ичинде бейтаптарды айыктырууга дарыгерлерге жардам берип, дары-дармек жана медициналык жабдууларды алганга көмөк көрсөткөндөр бар.