Президенттик аппаратта прокуратура, сотту тескеген бөлүм башчы алмашты

Президент Садыр Жапаров өзүнүн администрациясынын сот жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Бекбосун Апсатаровду кызматтан алды. Анын ордунда Нурлан Сулайманкуловду дайындады. Расмий маалыматта бөлүм башчы эмне себептен алмашканы жазылган эмес.

Апсатаров бул кызматка былтыр сентябрда дайындалган. Ага чейин Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасынын биринчи орун басары болуп турган. Апсатаров ошондо атайын кызматка он жылдан кийин кайтып келген.

Садыр Жапаров 2021-жылдын башында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган төрт адамга генерал-майор наамын ыйгарган жана алардын арасында Апсатаров дагы болгон. Ал президенттин атайын кызматтагы ишеничтүү адамдарынын бири экени айтылып келген.

Былтыр “Темиров LIVE” каналы Апсатаров менен Садыр Жапаровдун байланышы тууралуу иликтөө жарыялаган. Буга байланыштуу расмий бийлик өкүлдөрү комментарий берген эмес.