Эркин Тентишев президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду. Белгилеп кетсек, чиновник бул кызматты ээлегенине 1 жыл дагы болгон жок. Ал эми дагы бир жарлыгы менен Жапаров президенттин Чүй облусундагы өкүлү кылып Нурил Алымбаевди дайындады.
Ал буга чейин Тентишевдин орун басары болуп эмгектенген.