“Унаа” мамлекеттик ишканасына жаңы жетекчи келди. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымаматына ылайык, бул кызматка 34 жаштагы Рустам Жокоев дайындалды.
Ал буга чейин ишкананын башчысынын орун басары болуп эмгектенген. Эске салсак, бул кызматты 1 жылдан бери ээлеп келген Турусбек Түмөнбаев жарым миллиард сомго жарыяланган тендерге байланыштуу өткөн жумада иштен алынды.