Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттап, 81 сомдук чектен ашты

Кыргызстанда доллар кайрадан кымбаттап, 81 сомдук чектен ашты. Учурда ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 80 сом   60 тыйындан сатып алып, кайра 81 сом 20 тыйындан сатышууда.

 

Эске салсак, октябрдын ортосунда массалык митингдерден кийин Улуттук банк SWIFT эл аралык акча которуулар системасынын ишин токтоткон. Бул өз кезегинде доллардын кескин кымбатташына алып келген.

 

Анда америкалык валюта 80 сом 80 тыйынга жеткен. Өлкөнүн башкы каржы мекемеси серпилүүнү токтотуу үчүн валюта рыногуна чыккан.