Лионель Месси катары менен 20 гол киргизген жалгыз футболчу болуп калды.
Өткөн ишембиде «Барселона» Испания чемпионатынын 28-турунда «Мальорка»
командасын 4:0 эсебинде жеңди. Месси анда төртүнчү голду киргизүү менен
быйылкы сезондо 20 голдун автору катары рекордду жаңыртты. Белгилеп кетсек,
анда эки команданын карантинден кийинки биринчи жолку оюну уюштурулду.