Ысык-Көл облусунда жер титиреди

Ысык-Көл облусунда жер титиреди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык,

зилзала түндө катталып, очогунда күчү 4 баллга жетти.

Түп районунун Кутургу, Кичи-Өрүктү, Ак-Булуң, айылдарында

3,5 балл, Түп, Шаты айылдарында 3 балл, Ысык-Көл районунун

Ананьево айылында 2,5 баллга чейин сезилди. Жер титирөөдөн

жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.