Жалал-Абад шаарына кирип-чыгууга чектөө киргизилди

Жалал-Абад шаарына кирип-чыгууга чектөө киргизилди. Жергиликтүү бийлик муну жарандардын ден-соолугун коргоо максатында жасап жатканын билдирди.

 

Белгилеп кетсек, азык-түлүк жана дары-дармектерди ташыгандар кезексиз өткөрүлүүдө, ал эми башка райондордо иштеген мамлекеттик кызматкерлер атайын уруксаа берүүчү документтер менен өткөрүлөт. Эске салсак, өлкөнүн айрым райондорунда 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилүүдө.