Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жаралды

Өлкөнүн тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жаралды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, Бишкек – Ош, Ала-Бука — Жаңы-Базар – Кировка жана Каракол – Эңилчек унаа жолдорунда кар массалары түшүшү мүмкүн.

 

Аталган каттамдарга сапарга чыккан айдоочуларга этият болуп, унаалар ортосундагы тиешелүү 500 метрлик аралыкты сактоо сунушталат.