Республикада гибриддик көзөмөл-кассалык машиналар бекер берилет.
Салык кызматы билдиргендей, бул өз алдынча ККМ сатып ала албаган ишкерлерди колдоо максатында жасалууда.
Гибриддик көзөмөл-кассалык машиналарда орнотулган POS-терминал жана кассалык чек принтери бар.
Жалпысынан 10 миң даана ушундай аппараттарды таратуу пландалууда.