Сомдун наркы бардык валюталарга карата бекемделди

Сомдун наркы бардык валюталарга карата бекемделди.

Улуттук банктын жаңыртылган валюталар курсуна караганда,

сомдун башка валюталарга карата наркы 1.7 пайызга бекемделди.

Ал эми долларга карата баасы 1.84 пайызга жана теңгеге карата сомдун куну

1.83 пайызга жогорулады. Ал эми рублга карата 1.58 пайызга, еврого 1.73 пайызга төмөндөдү.

Учурда доллар курсу 83 сом 20 тыйынды түзөт.  Белгилеп кетсек, өлкөнүн

башкы каржы мекемеси чет элдик валютанын серпилүүсүнө карата ушул айда

3 ирет дүйнөлүк каржы рыногуна чыгып, 35 миллион 900 миң доллар сатты.