Мамлекеттик бюджетке 5 айда эле 11 миллиард сом түшпөй калды

Мамлекеттик бюджетке 5 айда эле 11 миллиард сом түшпөй калды. Бул тууралуу каржы министринин орун басары, Борбордук казынанын директору Марлен Амандыков биллдирди. Жыл башынан бери мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 46 миллиард сомго аткарылды.

 

Бул былтыркы көрсөткүчтөн 11 миллиард сомго аз. Ал эми чыгаша былтыркы жылга салыштырмалуу 2 миллиард сомго көбөйдү. Бюджет тартыштыгын толтуруу үчүн ички жана тышкы булактардан 23 миллиард сом,  тышкы донорлордон 18,3 миллиард сом алынган, — деди Амандыков.