Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 2 миллион сомдон ашык топтолду

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган атайын эсепке 2 миллион сомдон ашык топтолду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти. Белгилеп кетсек, ведомствонун алдында атайын эсеп ачуу чечими кечээ кабыл алынды.

 

Түшкөн каражат коронавирустун алдын алуу иш-чараларына багытталат.