Ички иштер министрлигинин өздүк курамы кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Ведомствонун маалыматына ылайык, мындай режим кечээ киргизилип, 2-январга чейин созулат.
Бул Жаңы жылда жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында кабыл алынган чара. Жалпысынан, республика боюнча 10 миң кызматкер күчөтүлгөн тартипте иш алып барат. Анын 2 миңи Бишкекке туура келет.