Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүн жана эртең кар массасы Бишкек-Ош, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу, Ала-Бука-Каныш-Кыя жана Красная Горка – Ак-Таш трассаларында түшүшү мүмкүн.

 

Аталган багыттарда сапарга чыккан айдоочулар этият болуп, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоосу кажет.