Коронавируска каршы күрөшүүгө бюджеттик резервден 200 миллион сом бөлүнөт. Жогорку Кеңеш коронавирус илдетинин жайылышына каршы мамлекеттик бюджеттик резервден каражат бөлүп берүү жөнүндө токтом кабыл алды.
18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы үч адам аныкталды. Алар Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келген. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланды. 19-мартка карата, Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, Кыргызстанда коронавирустун жаңы учуру катталган жок.