Аймактардагы бош турган имараттар бир айдын ичинде оорукана алдына өзгөртүлөт

Аймактардагы бош турган имараттар бир айдын ичинде оорукана алдына өзгөртүлөт. Мындай тапшырманы тиешелүү органдарга премьер-министр Кубатбек Боронов берди.

 

Маалыматка ылайык, объектилерде тез арада ремонттук иштер жүргүзүлүп, тиешелүү жабдуулар менен камсыздалышы керек. Премьер белгилегендей, айрым медицина жайларындагы орундар реанимациялык бөлүмдөр алдына берилет.

 

Кошумчаласак, бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда 848 күндүзгү жана түнкү стационар иштеп жатат.