Кыргызстанда коронавирус катталганы боюнча маалымат чындыкка  дал келбейт

Кыргызстанда коронавирус катталганы боюнча маалымат чындыкка  дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Ведомстводон белгилешкендей, республикада түзүлгөн ыкчам штаб вирустун жаңы түрү боюнча абалды кылдат байкап жатат. Дарыгерлер дартты жуктуруп албаш үчүн өздүк гигиенаны сактап, эл көп чогулган жерлерге барбай, эт продукцияларын колдонууда этият болууга чакырат.

 

Акыркы маалыматтарга караганда, Кытайда жаңы вирустан каза тапкандардын саны 41ге жетип, 1 миң   287 киши ооруну жуктуруп алганы белгилүү болду.