Жалал-Абаддын мэриясы карантинге жабылды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма-сөз кызматынан билдиришти. Буга чейин белгилүү болгондой, мэр Мураталы Тагаев жана дагы бир кызматкерде вирус аныкталды.
Андан улам, мекемени карантинге жабуу чечими кабыл алынды. Мэриянын кызматкерлери аралыктан иштөөгө өттү.