Бишкекте милицияга баш ийбеген жарандарды кармоо учурунда ок атылды.
Ордо калаа комендатурасынан билдиришкендей, мас абалындагы
айдоочу күч кызматкеринен качууга аракет кылган. Унаада мас абалындагы
башка адамдар болгондугу да аныкталды. 15-апрелге чейин коронавируска
байланыштуу Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат,
Кара-Суу, Сузак райондоруна өзгөчө абал киргизилди. Бул аралыкта
аталган аймактарда коменданттык саатта, тагыраагы кечки саат 8ден
таңкы 7ге чейин көчөдө адамдар, унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди.