Елизавета IIнин образында чыгарылган Барбилер үч секундда сатылып кетти

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIнин образында чыгарылган Барби куурчактары үч секундда сатылып кетти.

Куурчактарды быйыл белгиленүүчү Елизавета IIнин тактыга отурганынын 70 жылдыгына карата америкалык компания чыгарган.

Барбилер ханышадан такыр айырмаланбай жасалып, баасы 115 долларды түздү.

Бирок канча канча куурчак сатыкка чыкканы тууралуу маалымат жок.