Индиялык аял баласын тарбиялоо үчүн 36 жыл бою эркектин кейпинде жашады

Индияда Петчиаммал аттуу аял баласын тарбиялоо үчүн 36 жыл бою эркектин кейпинде жашаган.

Ал кызы чоңоюп, турмушка чыккандан кийин гана ким экенин ачыктады.

Петчиаммал 20 жашында турмуш куруп, күйөөсү менен болгону 15 күн жашаган.

Жолдошу жүрөк оорусунан каза болгондон кийин бир убакта бир нече жерде: курулуш, мейманкана жана кафелерде иштеген.

Аял патриархалдык коомдо дээрлик үн сайын ыдыкка туш болгон.

Мындан улам, түп-тамырынан бери өзгөрүүнү чечип, чачын кырктырган жана көйнөгүн шымга алмаштырып, Мутху деген эркектин ысымын алган.

Анын аял экенин туугандары гана билишчү.

Учурда миллиондогон адамдардын колдоосуна карабай, аял өмүрүнүн аягына чейин Мутху бойдон калууну чечти.

Анткени дал ушул образда ал баласына баарын бере алган.