Адам нерв болгондо эмне үчүн тырмактарын тиштей турганы аныкталды

Британ илимпоздору толкунданганда тырмак тиштөө адаты өзүнө көңүл буруунун бир ыкмасы экенин аныкташты.

Окумуштуулар белгилегендей, адамдар ушундай жол менен айланасындагы адамдарды өзүнө жакшы мамиле кылууга үндөйт.

Изилдөөлөргө ылайык, адамдар көбүнчө стресстен өздөрүнө зыян келтирет.

Мындай сигналдар тырмакты тиштөөдөн тышкары, тырманып, чачка же бетин кармалап баштоодон да байкалат.

Муну менен адам жардам алуу үчүн стандарттуу эмес абалда экенин көрсөтүүгө аракет кылат.