Майк Тайсон менен Рой Жонс беттеште тең чыкты

Майк Тайсон менен Рой Жонс беттеште тең чыкты.

Кармашуу АКШнын Калифорния шаарында өттү. Ал сегиз раундга ылайыкташып,

ар бир бөлүк эки мүнөттөн турду. Эки боксчу тең жыйынтыкка макул болбой,

жеңгенин бир ооздон айтып, рингдеги артыкчылыктарын санашты. Белгилеп кетсек,

эки спортчу тең рингге карьерасын жыйынтыктагандан кийин кайтып жатат.

Майк Тайсон 2005-жылдан бери, ал эми Рой Жонс 2018-жылдан бери беттешке чыга элек болчу.