Улуттук банк валюта рыногуна чыкты

Улуттук банк валюта рыногуна чыкты. Кечээки интервенцияда өлкөнүн башкы каржы мекемеси 28 миллион доллар сатты. Операция азырынча натыйжа бере элек. Ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 69 сом 80 тыйындан сатып алып, кайра 69 сом 90 тыйынга сатышууда.

 

Кошумчалап кетсек, жыл башынан бери Улуттук банк 58 миллион доллар сатты. Бул өлкөдө валюта серпилүүсүн алдын алуу үчүн жасалат.