Мектепке биринчи класска балдарды кабыл алуунун экинчи этабы 27-июнда башталат

Мектепке биринчи класска балдарды кабыл алуунун экинчи этабы 27-июнда башталат. Бул тууралуу мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришти.

 

Андан такташкандай, бул убакыттан тарта ата-энелер жашаган жерине карабастан бош орун бар мектептерге балдарын каттай алат.

 

Андан тышкары, буга чейин электрондук каттоого тургандар экинчи этапта өздөрү каалаган мектептен бош орун табылып калса жеке кабинет аркылуу мектепти өзгөртсө болот. Каттоо mektep.edu.gov.kg сайты аркылуу жүргүзүлөт.