Ошто “Мыкты мугалим – 2021” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
Калаа мэриясынан билдиришкендей, жарышка 42 педагог катышты.
Гран-приге №52-кыргыз-түрк достук орто мектебинин мугалими Ильгиз Шамрызаев ээ болду.
Ага бир бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды. Биринчи орунду Михаил Ломоносов атындагы
мектеп-гимназиясынын кыргыз тили сабагынын мугалими Капар Момуналиев багындырды.
Ага унаа берилди. Мындай баалуу белектер жеке ишкана тарабынан ыйгарылды.