Кыргызстанда окуу жылы 30-майда дистанттык түрдө жыйынтыкталат.
Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү министринин орун басары
Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, буга чейин окуучулур
узартылган каникулда болгондуктан, төртүнчү чейректи 5 күнгө жылдыруу
чечими кабыл алынды. Бул мөөнөттө окуучулар тапшырмаларын
жөнөтүүгө, мугалимдер текшерүүгө үлгүрө алат.